Каталог

Шрифтин өлчөмү

Түнкү режим

Башкы бет Медиа жана санарип сабаттуулук Медиа жана маалыматтык сабаттуулук

Мугалим үчүн ресурстук китепче

Мазмуну

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдерге арналган ресурстук китеп «ММКларды колдоо борбору» фонду менен дайындалган, Кыргыз билим берүү академия менен кенеши макулданган.  Кыргызстан Республикасынын билим жана илим министрлиги билим берүү ишге пайдаланууга сунушту.

 

Авторлору: Иманкулов М., Усупбаева А., Текимбаева А., Данилова Н., Штурхетский С.  Кожобекова Б.

Дизайн: Жетигенов Ч.

 

Методикалык материалдар 9-11  мугалимдерге арналган, окутуу «Адам менен Коом» мугалимдерге арналган. Ошондой эле, мугалимдер аты же кошумча-чараларга сабактарды пландаштыруу бул окуу материалдарын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул материалдар каражаттары түшүнүгүн жана маалымат сабаттуулук, анын актуалдуулугу окуучулар жана студенттер үчүн билим берүү, аны бириктирүү мүмкүнчүлүгүн, максаттарын жана натыйжалары маалымат булактары сүрөттөп киргизилет, тематикалык иликтөөлөрдө ачып мисалдар.

 

Аннотация

Методикалык материалдар медиа жана маалыматтык сабаттуулук түшүнүгүн, анын окуучуларга актуалдуулугун, билим берүү процессине аны интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн ачыктайт, максаттар менен натыйжаларды, тарбиялоо методдорун сүрөттөйт, окутуу маалыматтарынын булактары менен тааныштырат, практикалык сабактардын үлгүлөрүн келтирет.

Методикалык материалдар “Адам жана коом” курсунун, тарых, география, этика, информатика жана башка сабактардын окутуучуларына, жана ошондой эле, мектеп китепканачыларына жана медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча окутууну окуу процесси менен мектептин жашоосуна интеграциялоону максат кылган мектеп директорлоруна арналган. Мугалимдер бул методикалык материалдарды өз предметтери боюнча сабактарды жана класстан тышкаркы сабактарды пландоодо колдоно алышат.

Бул методикалык материалдар төмөндөгүдөй жардам көрсөтөт:

1. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук деген эмне экенин түшүнүүгө;

2. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча окутууну окуу процесси менен мектептин жашоосуна интеграциялоо жолун табууга;

3. Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту  түптөө жана баалоо процессин пландоого.

Бул методикалык материалдар башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын, ЮНЕСКО,  ДойчеВелле  уюмдарынын жана Украина мамлекетинин билим берүү тармагындагы документтерн пайдалануу менен даярдалды.

 

Мазмуну

 1.    Киришүү

2.     МИГ (медиа жана маалыматтык сабаттуулук)  деген эмне?

3.     Максаттар, милдеттер жана натыйжалар

4.     Педагогдордун медиа жана маалыматтык жактан базалык компетенттүүлүгү

 

1-бөлүм «Информация» (“Маалымат”) жана «медиа»

1.1 Салттуу жана Жаңы Медиа

1.2 Заманбап дүйнөдө ММК ролу

1.3 Медиа жана аудитория: ким кимге таасир этүүдө?

1.4 Маалыматтык согуштар

1.5 Медиа аркылуу манипуляциялоо

1.6 Фейктер

 

2 – бөлүм  Маалыматтык стандарттар жана жаны медиа доору этика

 2.1 Маалыматтык стандарттар 

 2.2 Өзүн-өзү тескөө механизмдери

 

 3– бөлүм Социалдык медиа жана Интернет

3.1 Интернет деген эмне?

3.2. Интернеттин тарыхы тууралуу кыскача маалымат

3.3. Социалдык медиа: мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары

3.4. Интернеттин жана социалдык тармактардын коомго тийгизген таасири

 

4 – бөлүм Азыркы замандагы өспүрүмдун психологиялык портрети

4.1.Өспүрүмдөрүн өсүү өзгөчөлүгү

4.2.Өсүү кыйынчылыктары

4.3. Медиа дүйнөсү жана өспүрүм

    4.3.1 Өспүрүм жана Интернет

    4.3.2. Компьютердик жана онлайн оюндар

    4.3.3 Өспүрүм жана ММК

    4.3.4. Өспүрүм жана гаджеттер

4.4.Өспүрүм жана социалдык тармактар.

 

Киришүү

Азыркы демократиялык коомдо медиа (коммуникация каражаттары) коомдук пикир жаратууда чоң роль ойнойт. Бүгүнкү күндө медианын негизги функциясы – атуулдарга өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар туурасында маалымдоо. Азыркы заманда сабаттуу адам үчүн окуганды, жазганды, санаганды билүү аздык кылат. Ар кандай медиа жана башка маалымат каналдары аркылуу улам барган сайын өтө чоң маалымат агымы келүүдө. Окуучуларда өзүнүн “Мендигин” туюндуруу үчүн маалыматты табууга, ой-калчоого, сын-көз караш менен карап пайдаланууга жөндөмдүүлүк жетишсиз болуп жатат. Бул үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук билимдери зарыл.

Биздин жашоону эми маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Медиасабаттуу болуш үчүн маалыматты жана маалыматтык технологияларды пайдалана билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу керек.

Жаңы маалыматтык технологиялардын астында коммуникация процесстери да, адамдардын жүрүм-турумдарды да абдан өзгөрдү.  Бүгүнкү күндө ар бир адам массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда контент жаратууга катыша алат, өзүнүн жеке билдирүүлөрүн түзүп, аны Интернетке жайгаштыра алат. Учурда Интернет же глобалдык тармак негизги маалымат булагы болууда.

Интернетти пайдалануу менен:

- ар кандай электрондук китепканаларды, маалымдамаларды (географиялык, даректик, атайын ж.б.), сөздүктөрду пайдаланууга мүмкүнчүлүк алууга;

- билдирүүлөрдү, документтерди, текст, фото-аудио-видео материалдарды жөнөтүүгө жана кабыл алууга, бардык жаңылыктар менен кабардар болуп турууга;

- аралыктан чет тилдерин, информатика жана башка предметтерди үйрөнүүгө;

- билим берүүчү викториналарга, олимпиадаларга, сынактарга, телеконференцияларга, илимий бирикмелерге катышууга;

- жеке сайттарды түзүүгө;

- электрондук почтаны пайдаланууга;

- компьютерге керектүү маалыматты, окутуучу программаларды ж.б. жүктөөгө болот.

“Интернет заманында” чоңойгон балдар маалыматтык мейкиндикте өзүлөрүн абдан жакшы сезишет, бирок мугалимдин жардамына муктаж. Педагогдор окуучуларга маалыматты туура пайдаланууга үйрөнүүгө, медиа аркылуу өзүнүн инсандыгын туюндурууга жардам бере алышат.

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук деген эме?

Заманбап Интернет-технологиялар бир эле убакта медиа жана маалыматтык сабаттуулукту талап кылат. ЮНЕСКО колдонууга кошмо термин киргизди - медиа жана маалыматтык сабаттуулук (медиа и информационная грамотность (МИГ).Термин өз ичине кандай технологияны пайдаланганына карабай бардык коммуникациялык каражаттарды (медиа), массалык маалымат каражаттарын (пресса, радио, телевидение, кино, реклама, интернет ж.б.), жана башка маалымат берүүчүлөрдү (китепкана, архив, музей) камтыйт.

В русской версии нет этой картинки

Маалыматтык сабаттуулук

Китепкана сабаттуулугу

Өзүн туюнтуу жана маалыматтык сабаттуулук эркиндиги

Санариптик сабатуулук

Компьютердик сабаттуулук

Интернет сабаттуулугу

Электрондук оюндарды пайдалануу сабаттуулугу

Кино сабаттуулук

Телесабаттуулук

Жаңылыктар боюнча сабаттулук

Реклама жаатындагы сабаттуулук

Медиасабаттуулук

 

Маалыматтык сабаттуулук – бул маалыматты тандоо, түшүнүү, баалоо, пайдалануу, жаратуу, сактоо жана элестете билүү жөндөмдүүлүгү. Маалыматтык сабаттуулукту өздөштүргөн адамдар сын көз караш менен ой жүгүртө алышат, маалыматты анализдеп жана аны пайдалана алышат. Бул окуучуларга жеке, социалдык жана билим алуу максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтык сабаттуулук түшүнүгү ар түркүн билимдер менен жөндөмдүүлүктөрдүн кеңири алкагын камтыйт:

 

  • Маалыматка болгон муктаждыкты аныктай билүү жана тааный билүү.
  • Маалымат булагын аныктай билүү.
  • Маалыматты табуу жана алуу.
  • Маалыматтай анализдеп жана сапатын баалай билүү.
  • Маалыматты тартипке келтирип, чогултуп жана сактай билүү.
  • Маалыматты натыйжалуу, адискөйлүк менен абийирдүү пайдалануу.
  • Жаңы идеяларды жарата билүү жана тарата билүү.

Медиасабаттуулук– бул образдарды, добуштарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу, анализдөө жана баалоо жөндөмдүүлүгү жана ошондой эле,  медиа дүйнөдө жеке максатта компетенттүүлүк менен пикир алмаша билүү жөндөмү.

Медиасабаттуулук өз ичине төмөнкү компетенцияларды камтыйт:

  •  Эстетикалык жана чыгармачыл: медиаконтентти түшүнүү, жаратуу жана чечмелөө жөндөмү. Бул жөндөмдү окуучулар өз алдынча медиаконтент жаратуу менен калыптандыра алышат.
  • Сүйлөшө билүү жана коммуникация: медианын жардамы менен сүйлөшө билүү жана ар түрдүү медиаролдорду өзүнө чактап көрүү, маселен керектөөчү катары да маалымат берүүчү катары да. Окуучулар буга кызматташуу процессинде жана ар кандай практикалык тапшырмаларды аткаруу учурунда үйрөнүшөт. Пикир алмашуу билимдери аларга өз көз караштарын билдире билүүгө үйрөтөт.
  • Сын көз менен ой жүгүртүү жана анализ: ар кандай анализдөө каражаттарынын жардамы менен медиаформаларды жана алардын контентин түшүнүү, чечмелөө, баалоо жөндөмдүүлүгү.
  • Коопсуз пайдалануу: маселелерди чече билүү жана жагымсыз жагдайлардан алыс болуу жөндөмү. Интернеттеги коопсуздук маселесин айта турган болсо, бул жерде өзүңдүн жеке жашооңду коргой билүү зарыл, зыяндуу контенттен алыс болуу жана кооптуу байланыштарды түзбөө керек.

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук– бул медианы, массалык маалымат каражаттарын жана башка маалымат булактарын(китепкана, архив, музей) натыйжалуу пайдалана билүү жөндөмү. Ал сын көз менен ой жүгүртүү жана жарандык коомдо социалдаштыруу жана активдүү жашоо үчүн зарыл болгон өмүр бою өз алдынча билим алуу менен байланыштуу.

 

 

Максаттар, милдеттер жана натыйжалар 

 

Максат – окуучулардын коммуникация каражаттарын коопсуз пайдалана билүү жана өз пикирин билдире алуу жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу, , дүйнөгө болгон жеке көз карашын калыптандыруу, аларга өмүр бою окуп-үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн тарбиялоого жардам берүү.

Окуучулар эмнени билүүсү зарыл:

- прессада, радио-телеберүүлөрдө, кинодо, интернетте жана башка маалымат булактарында берилген маалыматты түшүнө билүү, анализдөө, сын көз менен баалоо жана маалыматты тандай билүү.

- коммуникация каражаттарындагы ар түрдүү маалыматтардын пайда болуу себебин жана максатын аңдай билүү жана аны эске алуу менен ишенимдүү маалыматты тандап алуу;

- жалпыга белгилүү маалыматтар менен жана маалыматтык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен натыйжалуу пайдалана билүү;

- формасы жагынан ар түрдүү маалыматтык билдирүүлөрдү жарата билүү;

- массалык маалымат каражаттары менен медианын ролун баалай билүү жана алар туш болгон чакырыктарды түшүнө билүү.

9-11-класстын окуучуларынан күтүлгөн натыйжалар

- Ачык маалыматтын мазмунунун индивидке, коомго, маданияттын калыптанышына болгон таасирин түшүнөт.

- Сөз эркиндиги менен жоопкерчиликтүү колдонуп анын чегин түшүнөт.

- ММКда берилген маалыматтын, чагылдырылган окуя, көрүнүштөрдүн мазмунун сын көз менен пайдаланганды билет.

- Медиа чөйрөдө жана виртуалдык чөйрөдө жоопкерчиликтүү, конструктивдүү түрдө абийир менен пикир алмаша алат жана билдирүүлөрдү жаратат жана аларды массалык маалымат каражаттарында таратат.

- Виртуалдык чөйрөдө байланыш түзүүдө зыяндуу жана шылдыңдуу мазмундардан алыс болот.

- Жоопкерчилик менен даярдалган ачык маалыматты жоопкерчиликсиз, бирөөнүн тапшырмасы менен даярдалган бирөөнүн кызыкчылыгы бар жалган маалыматтан ажыратып тааный алат.

- Эмне үчүн жана кантип  бир эле маалыматты ар кандай адамдар ар түрдүү кабыл алаарын түшүндүрө алат.

 

Педагогдордун медиа жана маалымат боюнча базалык компеттенттүүлүгү

 

Коомдун жана маданияттын маалыматташуусунун глобалдык процесси билим берүү системасына жаңы милдеттерди коюуда. Бул маселени чечүүдө маалыматтык технологияларды пайдалануу маанилүү орунда турат. Бул педагогдон билимди жана жөндөмдү талап кылат, башкача айтканда, маалыматтык жана коммуникациялык технология жаатындагы компетенттүүлүк керек. Окуучунун интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк жана чыгармачыл потенциалын көтөрүү үчүн педагогдор өзүлөрү өнүгүшү керек.

Окуу-тарбия процессине атайын максат менен ойлонулган түрдө заманбап маалыматтык каражаттарды кошуу, өз алдынча тарбия алууга, чыгармачылыкка, азыркы медиа дүйнөдө эркин багыт алууга көмөк болот. Заманбап медиа адамдын айлана-чөйрөнү кабыл алуусунун комплекстүү каражаты болуп калды. Мультимедиалуулук, интерактивдүүлүк, моделдөө, коммуникативдүүлүк жана жигердүүлүк билим берүү багытындагы медиапродуктту жана билим берүүнүн маалыматтык технологиясын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Заманбап маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар окуу процессин активдештирүүгө жана индвидуалдуу болушуна өбөлгө түзөт. Медиа окутуунун мазмуну менен методуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизет. Электрондук медиа материалды жакшы кабыл алууга жана эске тутуп калууга мүмкүнчүлүк берет, кеңири тарбиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ, окуучулардын таанып-билүүчүлүккө шыктануусун калыптандырат. Электрондук медианын окуу-тарбия процессинде колдонулушунун психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүгүн учетко алуу билим берүү системасын кайра куруу үчүн өтө манилүү. Бул өзгөчөлүктөрдү түшүнүү жана учетко алуу заманбап педагог үчүн өз ишмердүүлүгүн маалыматтык дүйнөдөгү заманбап өзгөрүүлөргө жана заманбап балдар менен өспүрүмдөрдүн жаңы маалыматтык муктаждыктарына шайкеш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал бул сферадагы ар кандай маселелерди чечүү процессин так жана туура уюштура алат, өзүнүн жеке адискөйлүгүн жогорулатуу процессинде медианы пайдалана алат.

Педагогдордун көпчүлүгү медианы көрсөтмө курал катары гана колдонуп, анын башка дидактикалык, тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн билишпейт. Максаттуу түрдө заманбап педагогду даярдоо абдан зарыл, анын маалыматты кабыл алуу, визуалдык образдардын вербалдык копияларын чиркелештирүү, маалыматтын маанилик өзгөчөлүгүн түшүнүү жана аны практикалык ишмердүүлүгүндө пайдалана билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү керек.  Мунун баары педагогдун маалыматтык компетенттүүлүгүн көтөрөт жана маалымат агымдарын пайдаланууда анын эркиндигин көбөйтөт.

Медиатехнология жаатындагы компеттенттүүлүк  - бул методика, прием, технологияларды иш жүзүндө өздөштүрө билүү, предметти өнүктүрүү каражаттарына ээ болуу, долбоорлой билүү жана медиа жаратуунун индивидуалдык траектория программасын ишке ашыра билүү жөндөмү болуп саналат. 

Педагогдун маалыматтык компеттенттүүлүгүн калыптандыруу боюнча милдеттер төмөнкүлөр:

- медиатексттерди идентификациялоого жана интерпретациялоого үйрөтүү, медианы пайдалануунун ар кандай жолун сынап көрүүгө үйрөтүү, медиапродукт жаратууга үйрөтүү;

- медиабилдирүүлөрдүн маалыматтык мазмунун кабыл алуу, баалоо, түшүнүү жана анализдөөгө үйрөтүү;

- инсандын коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү (вербалдык жана вербалдык эмес);

- сын көз менен ой жүгүртүү жана медиатексттин сапатын баалоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;

- медиакаражаттардын, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын жардамы менен чыгармачылык менен өзүн туюндуруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана анын методдоруна үйрөтүү.

Заманбап шарттарда педагогдон маалыматтык маданиятка ээ болуу талап кылынат, маалыматтык маданияттын негизин маалыматтык чөйрө жана анын иштөө мыйзамдары туурасындагы билим, маалымат агымында туура багыт ала билүү түзөт.

Окуу процессин уюштуруунун зарыл шарты болуп педагогдун заманбап мультимедиа техникаларынын мүмкүнчүлүктөрү туурасында,заманбап офистик жабдыктар туурасында билүүсү, көрсөтмө курал каражаттарын, жеке сайтын жаратуу тажрыйбасына жана методикасына ээ болуусу, өз ишмердүүлүгүндө заманбап окуту каражаттарын  туура колдоно билүүсү, электрондук презентацияларды сабакка даярдай билүүсү, Интернет тармагы берген мүмкүнчүлүктөрдүн арасынан туура багыт ала билүүсү саналат. 

Потенциалды өстүрө турган мыкты дидактикалык каражаттардын бири болуп мультимедиа технологиясы эсептелет. «Мультимедиа» түшүнүгү өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: текст, графика, мультипликация, видео и үн. Термин «мультимедиа» эки сөздүн кошулмасынан келип чыккан: multy (латын тилинен multum – көптөгөн, көп бөлүктөдөн турган, курамдуу) жана media (чөйрө, каражат). Ошентип «мультимедиа» термининин сөзмө сөз котормосу - «көптөгөн чөйрө».

Салттуу билим берүү негизинен маалыматты вербалдык түрдө берүүгө негизделген. Билим берүүнүн вербалдык формасы материалды сызыктуу, абстрактуу жана болушунча майдалап берүү дегенди түшүндүрөт. Окуучуларга окуганга жана окуганды оюнда кайра жаратууга көп убакыт талап кылынат. Кемчиликтеринин арасынан дагы белгилей кетчү нерсе, так бекитилген форма жана көлөм – бардык окуучуларга баяндоонун багыты бир, деталдардын деңгээли бир, маалымат берүүнү татаалдыгы бир.

Жалпыга маалым болгон факт– адамдын мээси негизинен визуалдык кабыл алууга багытталган, объектти караганда адамдар маалыматты көз ирмемде эле алат.Мультимедианын маалыматтык каражаттары таанып билүүнүн психоогиялык табиятына шайкеш маалымат бере алат – негизинен көрсөтмөлүү-образдуу формада, муну бирге вербалдык-логикалык форма да четте калбайт.

Билим берч медиа продукттун негизги дидактикалык бирдиги болуп ауидовизуалдык образ эсептелет. Техникалык мааниден алганда бул маалымат жүктөгүчтөгү санариптешкен малымат - экранда чагылдырылган изилденип жаткан объектинин тааныш образы. Психологиялык-педагогикалык мааниден алганда, бул – изиденип жаткан объективдүү реалдулукту экран аркылуу тааныштырган билим берүүчү материалды жеткирүүнүн сезимтал формасы. Бул мааниде алганда ауидиовизуалдык образды жаратуунун негизги милдети – окуучуларга кабыл алуу жана ой жүгүртүү процессинде изилденип жаткан көрүнүштүн көз менен көрө алган образын түзүп берүү, башкача айтканда, жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Мультимедиа –бул жөн гана визуалдык маалыматты калыптандыруунун жаңы технологиялык жолу эмес, ошондой эле ал дидактикалык позициядан алганда билимди көз менен көрө алгандай кылып сунуштоонун башка негиздерге тяанган жаңы формасы.  Билим берүүчү мультимедиада төмөнкү функционалдык милдеттерди бөлүп көрсөтүүгө болот:

1. Иллюстративдик-малыматтык (изилденүүчү тууралу маалыматты иллюстрация аркылуу жеткирүү).

2. Когнитивдик (визуализация изилденип жаткан объектини моделдөөгө мүмкүнчүлүк берет, анын өзгөрүшүнө байкоо салууга болот).

3. Эмоционалдык-окуялык (реалдуу убакыт шартында окуучуну экрандагы окуяларды башкарууга тартат, аны эмоционалдуу жана активдүү изилдөөгө, иликтөөгө катыштырат. )

4. Интерактивдик-интеллектуалдык (программалаштырылган логика “көрсөтмөлүүлүктү” изилдөө үчүн, окуучунун таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн, кабыл алуу, материалды эске тутуу процессин башкаруу үчүн аны менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт).

Окутуунун өзүнчө методу катары видеометод айырмаланат, аны билим берүүгө, көзөмөлдү уюштурууга, бышыктоо, кайталоо, жалпылоого колдонсо болот. Метод маалыматты визуалдык түрдө кабылдоого негизделген.

Видеометод окуу процессин уюштурууга тактыгы, ойлонулгандыгы жана максаттуулугу менен айырмаланууга тийиш болгон чоң талаптарды коет. Видеометодду колдонгон мугалимден изилденип жаткан маселеге окуучуларды тартуу боюнча мыкты жөндөмдүүлүк, аларды багыттай билүү, жалпылоочу жыйынтыктарды чыгара билүүнү, ар бирине индивидуалдуу жардам бере билүү талап кылынат.

Мультимедиаялык презентацияларды пайдалануу менен сабак өтүү мектеп окуучуларын билим алууга жакшы маанай жаратууга шыктандырат, окуу материалын тез арада баяндоо менен убакытты үнөмдөөгө өбөлгө болот.

Ошентип, мультимедиа-технологияларын пайдалануу төмөнкү багыттар боюнча мүмкүн: интерактивдик доска, интерактивдик сурамжылоо системасы, ар кандай билим берүү программалары, мультимедиалык экран.

Копмьютердин жардамы менен сабакты проекторлоштурууда, мугалим өз жөндөмдүүлүктөрүнө жараша ар кандай нерселерди жасай алат:

1. Сабактын ар кандай этабында пайдаланууга боло турган программалаоо тилинин жардамы менен программалык продуктуларды жасай алат.

2. Сабакка даярданууда же өтүү учурунда даяр программалык продуктуларды (энциклопедия, окутуучу программалар)  пайдалана алат.

3. PowerPoint, пакет MicrosoftOffice электрондук презентацияларын колдоно алат. Электрондук презентациялар мугалимге минималдык даярдык жана өтө көп убакыт сарптабай туруп көрсөтмө материал даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

4. Сабакты түзүүдө маалыматтык базалар системасын пайдалана алат.

5. Ар кандай таркатма жана дидактикалык материалдарды даярдоодо Word текст редакторун пайдалана алат.

6. Компьютердик тесттерди жана диагностикалык комплекстерди пайдалана алат.

Медиатехнология жаатындагы практикалык мамиле кылууну калыптандыруу үчүн педагогдор жеке медиатексттерди түзүү тажрыйбасын өздөштүрүүсү керек, мисалы видеосъемка, компьютердик техниканын жардамы мененвидеомонтаждоо, сүрөткө тартуу, элестерди сканерден өткөрүү, импорттолгон элестерди компьютерде редакциялоо, слайд презентацияларды жасоо, Интернетке материалдарды жайгаштыруу, анимация эффектилерин пайдалануу ж.б.

Предмет боюнча мугалимдердин маалыматтык технологияларды пайдаланууну мыкты өздөштүрүүсун камсыздоо маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар боюнча билими, өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүндө жаңы технологияларды пайдалана билүү жөндөмдүүлүгү дегенди түшүндүрөт.

Мугалимдин окутуу процессинин дидактикалык жабдылышын проекциялоо жөндөмү туурасында айтсак, аудиторияда “өнүктүрүү чөйрөсүн” түзүү максатында ар бир мугалим уюштурууга милдеттүү болгон төмөнкү мүнөздүү жагдайларды бөлүп көрсөтүүгө:

- окуучулардын өз алдынча тандоосу (тема, тапшырмалардын татаалдык деңгээли, формасы жана иштөө жолу ж.б.);

- өз алдынча окуу, ишмердүүлүк (ар кандай иштерди өз алдынча аткаруу, аны аткаруу процессинде жөндөмдүүлүктөр, түшүнүктөр жана элестетүү пайда болот);

- иштин максатын аңдап түшүнүү жана натыйжа үчүн жоопкерчилик;

- индивидуалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу;

- топ-топ болу иштөө (милдеттерди бөлүштүрүү, пландоо, дискуссия, баалоо жана натыйжаларды талкуулоо);

- түшүнүтөдү калыптандыруу жана анын негизинде өз аракеттерин уюштуруу;

- билим берүү натыйжалары талап кылган баалоо системаларын пайдалануу  (портфолио, жетишкендиктер күндөлүгү, окуучунун ийгиликтер картасы ж.б.);

- педагогдун компетенттүү жүрүм-турумду көрсөтүшү.

Медиатехнология жаатындагы компеттенттүүлүктү калыптандыруу жана билим берүү процессинин дидактикалык жабдылышын проекциялоо жөндөмү калыптандыруу төмөнкү учурларда мүмкүн:

1. Педагогдун бул үчүн оң маанайдагы шыктануусу бар болсо, жана ошондой эле инфраструктура жана окутууну информатиязациялоонун окуу-материалдык базасы жакшыртылса.

2. Техникалык каражаттар жана программалык камсыздандыруу жаатында уюштуруу инфраструктурасын түзүүгө багытталган административдик саясат жана зарыл.

3. Мугалимдер жогорку окуу жайдын кафедрасындагы болгон жаңы маалыматтык технологиялар менен дидактикалык тажрыйбаларды өздөштүрсө.

4. Квалификацияны жогорулатуу курастарындагы окуулар билим берүү процессинде медиатехнологияларды пайдаланууну окутуу боюнча программанын негизинде уюштурулса.

Компьютердик техниканын өнүгүшү жогоруда айтылып кеткен талаптарды аткарууда, окуу процессине жаңы технологияларды, терең дидактикалык жана методикалык талаптарды киргизүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана аларды колдонбой коюу туура эмес болмок. 

Медиатехнология жаатындагы жогорку компеттенттүүлүк жана билим берүү процессинин дидактикалык жабдылышын проекциялоо жөндөмү  - педагогдун жеке өсүшүнө, чыгармачылык активдүүлүгүнө жана профессионалдык чеберчилигинин бийиктигине жеткирүүчү негизги жолдордун бири.

Билим берүү процессинде ар түрдүү мультимедианы натыйжалуу пайдаланууга тиешелүү технологиялар учурдагы окутуу системасына үстүртөн кондурма мүнөздө эмес, бул процесске негиздүү шайкеш түрдө сиңирилгенде гана жетишүүгө болот. 

Оюндун эрежеси Жаңы сөз курлгандай кылып тамгаларды бириктиргиле. Жаңы сөздөрдөгү тамгалардын саны бош торчолордун санына барабар.

Оюндун эрежеси Сүрөттөрдү карап туруп, аларды мааниси жагынан бириктирип турган сөздү тапкыла. Керектүү тамганы кезеги менен басып, бош торчолорду толтургула.

ОЮН

Оюндун эрежеси Ар түрдүү тамгалардын арасынан жаңы тема боюнча көрсөтүлгөн сөздөрдү тапкыла. Сөздөр тигинен, жантыгынан, оңдон солго же солдон оңдү көздөй болушу мүмкүн.